super.kg logo

"Базарда бар, мектепте жок". Депутат Айдарова баласына 700 сомдон китеп алып бергенин айтты

 

Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова өкмөттөн мектептеги китеп тартыштыгын чечүүнү суранды.

Ал 2 жыл мурун Акылбек Жапаровдун китеп маселеси чечилерин айткан сөзүн эске салды.

"2022-жылы 8-декабрда Акылбек Үсөнбекович "Учкун" басмаканасына китеп басып чыгаруучу жабдууларды алуу үчүн Германияга буюртма бердик, буюрса, жаңы жылдан кийин чечилет" деп айткан. Бирок китеп маселеси ушул күнгө чейин орчундуу маселе болуп турат. Бир китеп 500 сомдон 800 сомго чейин. Эмне үчүн базарда бар китеп мектепте жок? Анын себебин ата-энелерге түшүндүрүшүбүз керек. Көптөгөн орчундуу реформалар болуп жатат, бирок чече албай жатабыз. Ушунчалык кыйынбы бир китеп маселесин чечип коюш?

Жеке өзүм бир балама 9 китепти 700 сомдон алдым, 5-6 баласы бар ата-энелерге кыйын болуп жатат. Биз айтып эле жатабыз, өкмөт эч кандай жооп кылбай жатат да. Сураныч, өкмөт олуттуу карап, жооп кылып койсоңуздар", - деди Айдарова.






Жогорку Кеңеш 12.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: