super.kg logo

iPhone 16 жакындап калды: Beeline Кыргызстан кеңселеринде жаңылыктарды күтүңүз!

 

Жакынкы күндөрү Apple компаниясынын көптөн күткөн презентациясы болуп өттү, анда компания iPhone 16, Apple Watch Series 10 жана башка жаңы муундагы түзүлүштөрдү тартуулады. Apple компаниясынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өнөктөшү Beeline мобилдик оператору билдирет: расмий, жаңы жана эң негизгиси Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунду катталган iPhone 16 жакында Beeline кеңселеринде сатыкка чыгат.

iPhone 16 менен катар Beeline офистерине Apple Watch Series 10 акылдуу сааттары да келип түшөт. Жаңы өнүмдөрдү күтүп жатып, алар менен жакындан таанышып көрөлү.

iPhone 16 — контент түзүү үчүн жаңы деңгээл

iPhone 16 жана iPhone 16 Pro моделдери мобилдик фотосүрөттү сүйүүчүлөрдү кызыктыра турган жаңыртууларды алышты. Эми сиз видеолорду укмуштуудай 4K сапатта, секундасына 120 кадрга чейин жаздыра аласыз. Бул жакшыртуу так жана жылмакай сүрөттөрдү камсыз кылат.

Жаңы iPhone 16 ошондой эле студиялык сапаттагы орнотулган микрофондор менен мейкиндик аудиосун колдойт. Каныккан аудио видеоконтентти профессионалдуу деңгээлге жакындатат.

Дагы бир ыңгайлуу жаңычылдык — Camera Control баскычы. Бул камераны заматта ачууга жана тартуу учурунда орнотууларды өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Бул функция менен сиз ийгиликтүү кадрларды жаратуу жана маанилүү учурлардын элесин алуу мүмкүнчүлүгүн арттырасыз.

iPhone 16 ошондой эле нейротармактар ​​менен иштөө үчүн оптималдаштырылган жаңы, ылдамыраак процессор менен жабдылган.

Apple Watch Series 10 — ден соолуктун сакчылыгында

Жаңыланган Apple Watch Series 10 өзүнүн курамындагы эң чоң жана эң ичке дисплейге ээ. Ден соолукту көзөмөлдөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен алар күнүмдүк жашоодо сиздин алмаштыргыс жардамчыңыз болуп калат. Ошол эле учурда, бул гаджет функционалдуу эле эмес - абдан стилдүү дагы, мунун баары жаңы дизайндын аркасында.

Apple компаниясынын расмий өнүмдөрү - Beeline кеңселеринде

Жаңы өнүмдөр жолдо келатканда, сиз Бишкектеги Beeline кеңселеринде Apple өнүмдөрүнүн учурдагы ассортименти менен төмөнкү даректер боюнча тааныша аласыз:

  • «Дордой Плаза-2» СБ (Ибраимов к., 115);
  • Asia Mall СБ (Айтматов пр., 3);
  • «Бишкек Парк» СБ (Киев к., 148);
  • «Асыл-Таш» ББ (Ибраимов к., 115/1);
  • «Технопарк» ББ (Горький к., 1/2).

Учурда iPhone айрым моделдерин 20%га чейинки арзандатуу, «Алтын+» категориясына чейинки кооз номер жана бир жылдык интернетти белекке алуу менен бөлүп төлөө аркылуу сатып алса болот.

— Apple компаниясынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу реселлери катары Beeline расмий жана катталган гана түзүлүштөрдү сунуштайт, — деп белгиледи компаниянын башкы директору Андрей Пятахин. — Жакында Beeline кеңселеринде Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрү пайда болот. Биздин жаңылыктарга көз салып, эң мыкты технологияларды колдонуңуз!

Бул мүмкүн! Бул Beeline!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: