super.kg logo
  Спорт  

"2026-жылы кайсы бети менен келишет?" Астанадагы оюндан кийин кыргыз эксперти билдирүү жасады (видео)

 

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар (жер улак) боюнча курамасы күмүш медалга ээ болду. Алар финалдык беттеште Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде утулду.

Оюндун биринчи таймында Кубанычбек Султан уулун Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев камчы менен эки жолу чаап жиберген. Мындан улам чыр чыгып, оюн 15 мүнөткө токтотулган.

Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп саны 4:4кө теңелди. Мындан улам жер улактын эрежеси боюнча кошумча 10 мүнөт убакыт берилди.

Кошумча убакытта казак улакчысы калыстын ышкырыгы жаңырганга чейин эле эңкейип улакты алып кетти, калыс да оюнду токтоткон эмес. Жыйынтыгында Казакстандын командасы биринчи болуп улак салып, 4:5 эсебинде жеңүүчү аталды.

Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары оюнду тейлеген калыс Казакстанга ачык эле жан тартканын жазып, нааразычылыктарын билдирип жатышат.

Ал эми Көк бөрү федерациясынын, көкпардын эксперти Рамис Кудайбергенов кыргыз спортчулары бул оюнда өздөрүнүн, мыктылыгын, адилеттүүлүгүн, күчтүүлүгүн көрсөткөнүн айтты.

"Мен эксперт катары айтсам, мындан төмөн нерсе кылыш адам баласынын акылына келбейт. Эч кейибегиле, кыргыздар бул оюнда 7-8 салым менен утмак. Мыкты адамдарды мындай нерселер чыңайт кайра. Булар 2026-жылы кайсы бети менен келишет, мен билбейм.

Биздин балдарды чөктүрбөйлү. Биздин балдар бүгүн баатырдыгын көрсөтүштү. Биз судьялар тартты деп чычалап, ыйлабайбыз", - деди эксперт Кудайбергенов.






Көкпар Кыргызстан-Казакстан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: