super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндары: Жер улактын финалы чыр менен өттү (видео)

 

Бүгүн, 12-сентябрда Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жер улактын финалдык беттеши орун алды. Анда Казакстан курамасы 5:4 эсебинде кыргыз улакчыларын жеңип алды.

Бирок алтын байге үчүн беттеш чыр менен коштолду. Алсак, оюндун биринчи бөлүгүнүн 13-мүнөтүндө кыргыз курамасы эсепти 3:1 кылып, алдыга чыккан болчу. Бул учурда казак оюнчусу Улан Байтөреев салым салган Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберди. Мындан улам ортодо пикир келишпестик жаралып, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт калганда оюн токтотулуп, 15 мүнөттөй үзгүлтүккө учурады.

Оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп саны 4:4кө теңелип, жер улактын эрежеси боюнча кошумча 10 мүнөт убакыт берилди. Кошумча убакытта казак улакчысы калыстын ышкырыгы жаңырганга чейин эле эңкейип улакты алып кетти, калыс да оюнду токтоткон жок. Жыйынтыгында Казакстандын командасы биринчи болуп "алтын салымды" салып кетти.

Негизинен оюндун жүрүшүндө мындай адилетсиздиктер көп эле орун алды. Буга нааразы болгон социалдык тармактын колдонуучулары дагы оюн калыс өтпөгөнүн жазып жатышат.

Көк бөрү жана жер улак боюнча эксперт Рамис Кудайбергенов кыргыз спортчулары бул оюнда өздөрүнүн мыктылыгын, күчтүүлүгүн көрсөткөнүн айтып, оюндун жүрүшүн "адилетсиз" деп атады.






"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо

12.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: