super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндары:  Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Казакстанга нааразычылыгын билдирди

 

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көкпар мелдешинин финалдык беттешинин жыйынтыгына нааразылык билдирди.

Бүгүн, 12-сентябрда Казанат ипподромунда Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын финалдык беттеши өттү.

Биринчи таймда кыргыз спортчулары 3:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө Казакстандын курама командасынын оюнчусу камчы менен Кыргызстандын курама командасынын оюнчусун эки жолу чапкандыктан оюн жарым саатка үзгүлтүккө учурады. Жыйынтыгында камчы менен чапкан оюнчу 2 мүнөткө оюндан четтетилди.

Оюндун негизги убактысы 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, кошумча таймда казакстандыктар жеңишти тартып алышты.

"Эрежеге ылайык, оюн аяктагандан кийин 20 мүнөттүн ичинде нааразычылык билдирүүбүз керек болчу. Биз жаздык. Акылбек деген сотту кетиришти." - дейт Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: