super.kg logo

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 13 миң килограммдан ашык таштанды чыгарылды 

 

Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштери жигердүү улантылып, жыл башынан бери 13 миң килограммдан ашык таштанды чыгарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, былтыр 12-марттан баштап көлдүн төрт тарабы толук тазаланган. Быйылкы жылы да тазалоо жумуштары колго алынып, жыл башынан бери 13 миң 550 килограмм таштанды, 32 миң 700 метр балык уулоочу тор чыгарылган.

"Суучулдардын баамында таштандылардын көлөмү быйылкы жылы өткөн мезгилге салыштырмалуу арбын экени байкалууда. Мындай көрүнүш тазалыкка үндөгөн эскертүү жана эрежелердин сакталбай жатышы жана эс алуучулардын көптүгү менен байланыштуу", - деп билдирди министрлик.

Ошондой эле учурда ӨКМдин суучулдары көл жээктерин ар кандай таштандылардан арылтууну улантып, муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларындагы көлдүн түбүндөгү тор, калдыктарды жок кылып жатканы айтылды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: