super.kg logo

Кыргыз улакчысы Манас Ниязов казак күйөрмандарынын арасында талашка түштү (видео) 

 

Бүгүн, 12-сентябрда Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улактын финалдык беттешинен кийин кыргыз улакчысы Манас Ниязов казак күйөрмандарынын талашына түштү.

Көк бөрү федерациясы бөлүшкөн видеодон кыргыз улакчысы менен кезек күтүп сүрөткө түшүп жаткан күйөрмандардын арты арбын экендигин көрүүгө болот.

Анда ат майданга келгендер улакчыны алкап, жеңиш кыргыздардыкы деген сөздөрүн да айта кетишкен.

Белгилей кетсек, Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улактын финалдык беттешинде Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген. Мындан улам чыр чыгып, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт калганда оюн токтотулуп, 15 мүнөттөй үзгүлтүккө учурады. Алгачкы бөлүк 3:1 айырмачылыгы менен кыргыз курмасынын пайдасына аяктады.

Оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп саны 4:4кө теңелди. Мындан улам жер улактын эрежеси боюнча кошумча 10 мүнөт убакыт берилди.

Кошумча убакытта казак улакчысы калыстын ышкырыгы жаңырганга чейин эле эңкейип улакты алып кетти, калыс да оюнду токтоткон жок. Мындай калпыстыктар оюндун жүрүшүндө көп эле болуп жатты. Анда Казакстандын командасы биринчи болуп улак салып, 4:5 эсебинде жеңүүчү аталды.






Кыргыз улакчысы Манас Ниязов менен кезек күтүп сүрөткө түшкөн казак күйөрмандары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: