Көчмөндөр оюндары: Кыргыз көк бөрүчүлөрү казак атаандаштарын ири эсепте утту
Бүгүн, 12-сентябрда Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүнүн финалдык беттешинде кыргыз улакчылары казак атаандаштарын ири эсепте утту.
Оюндун биринчи бөлүгү 5:1 айырмачылыгы менен кыргыз курамасынын пайдасына аяктады. Экинчи таймда дагы 8:3 айырмачылыгы менен кыргыз улакчылары алдыга чыкса, үчүнчү бөлүктө эсеп санын 10:4кө жеткирип, ишенимдүү түрдө жеңишке жетти.
Муну менен Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү бешинчи жолу катары менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чемпион болду.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















