super.kg logo
  Спорт  

"Байге фонду 5 миң доллар". Чолпон-Ата шаарында триатлон боюнча Азия Кубогу өтөт

 
14-15-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Каприз" эс алуу борборунда Азия кубогу жана Борбордук Азия жаштар кубогу боюнча триатлон мелдештери өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалымдалгандай, мелдештерге 300дөн ашуун спортчулар, анын ичинде профессионалдар жана спорт сүйүүчүлөр катышат.
Катышуучулар жаш курактарына жана категорияларына жараша төмөнкү аралыкта күч сынашат:
Супер спринт:
- Сүзүү: 0,3 чакырым;
- Велосипед: 8 чакырым;
- Жүгүрүү: 2 чакырым;
Стандарт:
- Сүзүү: 1,5 чакырым;
- Велосипед: 40 чакырым;
- Жүгүрүү: 10 чакырым;
Кошумчалангандай, профессионал спортчулар үчүн байге фонду 5 миң доллар, ал эми спорт сүйүүчүлөр үчүн демөөрчүлөр тарабынан атайын белектер каралган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: