"Дөңгөлөктөрдү алмаштырыңыз!" Транспорт министрлиги айдоочуларды эскертти
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Басма сөз кызматынын айтымында буга чейин аба ырайынын өзгөрүшү менен жер-жерлерде жаан, ал эми Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Долон сыңдуу ашууларда кар жааган.
Ошондой эле министрлик алыс жолго сапар алган учурда музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүнү да эскертти. Мындан тышкары жол эрежесин сактап, унааларды 500 метр аралыкта айдоону сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.