super.kg logo

Тоң районундагы шамал электр станциясынын курулушуна капсула салынды

 

Бүгүн, 12-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Тоң районунда курулуп баштаган шамал электр станциясына капсула салды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, инвестициялык долбоорду “Росатомдун кайра жаралуучу электр энергиясы” акционердик коому ишке ашырууда. Долбоорго ылайык 100 мегаватт кубаттуулуктагы шамал электр станциясы курулат, пландалган жылдык өндүрүш 290 миллион килова́тт/саатты түзөт. Курулуштун мөөнөтү 12 ай.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкө башчысы Садыр Жапаровдун БУУнун трибунасындагы климаттын өзгөрүшү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу, жашыл экономика боюнча лидерлердин саммитинде сүйлөгөн сөзүн эске салып, демилгелер иш жүзүнө ашып жаткандыгына токтолду.

“Бизде жылына 300дөн ашык күн ачык болуп, жергиликтүү шамалдын күчү элдик уламыштарда чагылдырылган. Азыр Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көк-Мойнок айылында 100 мегаватт кубаттуулуктагы шамал электр станциясынын курулушу башталганына күбө болуудабыз”, – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын курууга капсула салынганын, аны кыргыз компаниясы “Бишкек Солар” жана россиялык “Юнигрин Энерджи” кура турганын белгиледи. Электр энергиясы менен камсыздоо тармагында акыркы эки жылда Куланак ГЭСинин жана Орто-Токой ГЭСинин курулушу башталды, Бала-Саруу ГЭСинин жана башка ондогон чакан ГЭСтердин курулушу аяктады. Ат-Башы ГЭСи модернизацияланып, бүгүнкү күндө Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланууда. Эл аралык деңгээлде CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын тартуу иштери башталды.

Ал эми Алексей Оверчук иш-чаранын конокторун шамал электр станциясынын курулушунун башталышы менен куттуктап, ишканага ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: