Ташиев Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүп жаткан жаштар курамасы менен жолукту








Жаштар курамы Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 25-сентябрда старт ала турган U-20 Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу кечээ, 12-сентябрда Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалым болгондой, кыргыз курамасы "I" тайпасында Жапония, Мьянма жана Түркмөнстан курамалары менен бирге жайгашкан.
Ага ылайык, кечээ, 12-сентябрда кыргыз футбол бирикмесинин президенти Камчыбек Ташиев кураманын оюнчулары менен жолукту. Ал оюнчуларга ийгилик каалап, команданын Азия кубогуна болгон жолдомону камсыздоо керектигин билдирди.
Белгилей кетсек, Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдындагы кураманын окуу-машыгуу жыйынына жалпы 29 оюнчу катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.