super.kg logo

Трамп Камала Харрис менен дебаттын экинчи айлампасына чыгуудан баш тартты

 

"Республикалык" партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп Демократиялык партиянын атаандашы, вице-президент Камала Харрис менен дебаттардын жаңы айлампасын өткөрүүдөн баш тартты.

Дональд Трамп дебаттардын биринчи айлампасында Камала Харристи жеңгенине ишенет жана экинчинин кереги жок экенин билдирди.

"Мен шейшемби күнү кечинде солчул Демократиялык партиянын талапкери Камала Харрис менен болгон дебатта жеңдим. Ал жеңилгенин билгендиктен дароо экинчи дебатты талап кылды. Ал Fox каналындагы дебатка келген жок жана NBC жана CBS телеканалдарына чыгуудан баш тартты. Үчүнчү дебат да болбойт”,-деди Трамп.

Белгилей кетсек, 10-сентябрда АКШнын ABC телеканалындагы шайлоо алдындагы дебатта АКШ президенттигине талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трамптын биринчи дебаты болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: