super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндары: Жабылыш аземине көрүүчүлөр катыша алышпайт

 

Астанадагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

"Сураныч, шектүү сунуштарга кабылбаңыз. Жабылуу аземи катышуучуларга гана арналган. Көрүүчүлөр катышпайт", - деп түшүндүрүштү уюштуруучулар.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи бүгүн, 13-сентябрда болот. Маалым болгондой, 2024-жылдын жаз айларында бюджеттин кыскарышына байланыштуу иш-чара шаан-шөкөтсүз, протоколдук форматта жана көрүүчүлөрсүз өтөт. Көрүүчүлөр жабылуу аземин Казакстандын алдыңкы телеканалдары аркылуу түз эфирде көрө алышат.

Уюштуруучулар ошондой эле оюндардын жабылышына билеттерди сатуу боюнча пайда болгон маалыматтарды жалган дешти.

"Жабылыш аземине сатыла турган билеттер жок. Мындай сунуштардын баары алдамчылык", - деп кошумчаланат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: