super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндары: Кыргыз курамасы медалдык тизмеде 2-орунга чыкты

 

Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз курамасы 16 алтын, 17 күмүш, 20 коло байге алып, жалпы командалык эсепте 2-орунга жайгашты.

Бул тизмеде 33 алтын, 25 күмүш, 28 коло алган Казакстан биринчи орунда турат. Ал эми 11 алтын, 12 күмүш, 11 коло медаль уткан Өзбекстан 3-саптан орун алса, 11 алтын, 10 күмүш, 24 коло менен Орусия 4-орунга жайгашты.

Буга чейин Кыргызстан бир сап ылдыйлап, 3-орунга түшүп калган болчу.

Белгилей кетсек, 8-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Мелдештер спорттун 21 түрүнөн өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: