super.kg logo

УКМК депутат Гүлкан Молдобекованын жардамчысы эмнеге кармалганын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А. аттуу жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Р.А. 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөндүгү аныкталган.

"Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда. Мындан тышкары кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардын ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган", - деп билдиришти УКМКдан.

Жогорудагы кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Р.А. тарабынан жасалган мыйзамсыз иштердин бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

12-сентябрда УКМК тарабынан Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсү тинтүүгө алынып жатканы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: