Бишкекте жарандын iPhone 13 телефонун тартып алганга шектелип 20 жана 21 жаштагы жигиттер кармалды



Бишкек шаарында тоноого шектелип 20 жана 21 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-август күнү милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 10-август күнү белгисиз адамдар скутер менен 60 миң сомдук iPhone 13 үлгүсүндөгү телефонун тартып алышканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2004-жылы туулган Д.У. жана 2003-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.