super.kg logo

Көк бөрү федерациясынын президенти Астанадагы оюндар боюнча билдирүү жасады

 

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев кечээ, 12-сентябрда өткөн финалдык оюндардан кийин билдирүү жасады.

Анда федерация башчысы кыргызстандыктардан бир калыстын катасынын айынан эки элдин ортосуна бүлүк салбоону суранды.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Кыргызстандын көк бөрү жана жер улак курама командалары финалдык беттештерин өткөрдү. Биз ойлогондой болду, финалдык беттеште көк бөрүдөн жеңдик, жер улактан, өзүңүздөр көрдүңүздөр, жакшы оюн болду. Эми бир калыстын туура эмес чечиминен жаман билдирүү калтырып, эки элдин ортосуна бүлүк салбашыңыздарды суранам.

Оюндардын баары алдыда, буюрса, биз көк бөрүнү өнүктүрөлү деген чоң пландарыбыз бар", - деди Рамис Жунушалиев.

Ошондой эле федерация президенти Астанадагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан 78 аргымагын алып барганын, анын баары Орусия, АКШ, Кытай сыяктуу курамалардын оюнчуларына берилгенин айтты.

Кечээ, 12-сентябрда Астана шаарында жер улак жана көк бөрү боюнча финалдык оюндар өттү. Жер улактын финалындагы оюнда казак улакчылары өздөрүн агрессивдүү көрсөтүп, калыс бир нече туура эмес чечимдерди кабыл алган. Мындан улам кыргызстандыктар нааразычылыгын билдиришүүдө.






Рамис Жунушалиевдин билдирүүсү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: