super.kg logo

Димаш Кудайбергендин бала кезинде жаткан бешиги музейге коюлду

 

Дүйнөгө белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайбергендин бала кезде жаткан бешиги музейге коюлду. Бул тууралуу казакстандык журналист Бауыржан Бабажан уулу Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын Улуттук музейинде Димаштын чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылган.

"Кудайберген байке бул бешикти 1970-жылы Канат Айтбаев төрөлгөндө атайын жасаткан экен. Кийин бул бешикке Димаш да бөлөнгөн. Бул ата-бала гана эмес, ушул үй-бүлөнүн 22 мүчөсүн бөлөгөн куттуу бешик! Бүгүн Улуттук музейде Димаштын чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө келген адамдардын эсеби жок. Көпчүлүгү чет элдиктер. Көргөзмө 6-октябрга чейин уланат. Келиңиздер, көрүңүздөр!" - деп жазган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: