super.kg logo

Ошто унаасынын эшигин ачып айдаган айдоочунун видеосу тарады

 

Ош шаарында унаасынын эшигин ачып айдаган айдоочунун унаасы айып короого токтотулду. Бул боюнча бүгүн, 13-сентябрда ЖКККББ кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа арткы эшиги ачылган бойдон чоң жолдо бара жатканы тартылган видео тараган.

Бул факты боюнча унаа айып короо жайына токтотулду. Айдоочунун айтуусу боюнча, унаанын артында жүргүнчү катары бара жаткан жаш бала унаанын эшигин ачып жиберген.

Азыркы учурда айдоочуга тийиштүү чара көрүү менен жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.






13.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: