super.kg logo

Сокулукта чет элдик жаранга электрошокер, бычак менен кол салган шектүү кармалды

 

Сокулук районундагы унаа жуучу жайда ишетеген чет өлкөлүк жаранды карактаганга шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Чүй ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү саат 00:10 чамасында Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайда жашап, иштеген 39 жаштагы чет элдикке белгисиз адамдар кол салышкан. Алар жабырлануучуну бычак жана электрошокер менен коркутушуп, Redmi 13C үлгүсүндөгү телофонун жана 30 миң сомун тартып алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө анын жанына бычак табылып, далил катары алынды.

Облустук милиция учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, шектүүнүн шериги изделип жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: