super.kg logo

Зеленский Орусиянын ракетасы Кара деңизде дан кемесине тийгенин айтты

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын ракетасы Египетке бараткан буудайы бар кемеге тийгенин айтты.

"Орусиянын ракетасы Египетке бараткан буудайы бар кемеге тийди. Бүгүн түнү Орусия Кара деңиздеги катардагы жарандык кемеге Украинанын суулардагы аймагынан чыгып кеткенден кийин дароо кол салды", - деп жазган Зеленский социалдык тармактагы баракчасына.

Украин президенти кол салуудан эч ким жабыркабаганын кошумчалап, Украинанын "дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугунун негизги кепили" катары ролун эске салды. Ал дүйнө жүзү боюнча ондогон өлкөлөрдүн стабилдүүлүгү украин дан коридорунун нормалдуу жана тоскоолдуксуз иштөөсүнөн көз каранды экенин белгилеп, Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн азык-түлүк менен камсыздоо маселеси курч экенин айтты.

"Биз портторубузду, Кара деңизди жана дүйнөлүк рынокко азык-түлүк экспортун коргоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Украинанын чыныгы приоритети - өмүрдү коргоо. Бул бардык өлкөлөр үчүн приоритет болушу зарыл. Биз дүйнөнүн реакциясын күтүп жатабыз. Буудай жана азык-түлүк коопсуздугу эч качан ракеталардын бутасы болбошу керек", - деди Зеленский.

Орус бийлиги бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: