super.kg logo

Ала-Букада 25 жаштагы жигит октон жаракат алды

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 25 жаштагы жигит октон жаракат алып, ооруканага түштү. Маалыматты ИИМден бүгүн, 13-сентябрда тастыкташты.

Ага ылайык, 12-сентябрда саат 16:55 чамасында Ала-Бука РИИБине Жапа-Салды айылынын ортосунда белгисиз жарандар унаанын артынан кууп келишип, ок чыгаргандыгы маалымдалган.

Анда болжол менен 25-30 жаштардагы балдар өз ара уруша кетип, алардын арасынан бирөө трамватикалык курал менен ок чыгаргандыгы аныкталган. Кароо учурунда 1 даана гилзасы алынган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган.

Аталган окуяга шектүү катары Ала-Буканын 30 жаштагы тургуну К.Н. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Шектүү буга чейин Орусияда каракчылык фактысы менен соттолгону маалымдалды.

Ал эми 25 жаштагы жабырлануучу А.Э. райондук ооруканага жеткирилди. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: