super.kg logo

УКМК Азимбек Бекназаровдун кармалышы боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 13-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Азимбек Бекназаров кармалганын тастыктады.

Маалымдалгандай, ал кечээ Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Кылмыштуу жол менен алынган ири өлчөмдөгү кирешелерди адалдоо) көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атайын кызмат анын кармалышы 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу экенин белгиледи.

"Тергөөнүн жүрүшүндө Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камакка алынган ири суммадагы акча каражаттарын ыйгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ошондой эле алынган маалыматтар Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу жана аларды жалган адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыргандыгын айгинелейт", - деп айтылат маалыматта.

УКМК бул иш боюнча Бекназаровго тиешелүү айып мыйзамда белгиленген мөөнөттө тагыларын, анын баш коргоо чарасы сот тарабынан чечилерин кошумчалады.

Эске салсак, кечээ Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров атасын УКМК камакка алганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: