super.kg logo

Жалал-Абадда мурдагы аким, тергөөчү жана журналист 200 миң доллар опузалоого шектелип кармалышты (видео)

 
Жалал-Абадда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү И.Н. аттуу жаран 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу учурунда кармалды.
"ИИМдин мурдагы тергөөчүсү кармалган И.Н, Чаткал районунун экс-акими Т.А. жана "Азаттыктын" мурдагы журналисти Н.А. менен биргеликте узак убакыт бою Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап, инвесторлорду коркутуп келишкен", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кармалгандар июль айында эки транш менен 60 миң доллар алып, калган сумманы опузалап алууну уланта беришкени аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.





13.09.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: