Кыргыз-казакка белгилүү Каракыз аргымагы көчмөндөр оюндарында үчүнчү келди (видео)
Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аламан байгеде Кыргызстандын белгилүү Каракыз күлүгү марага үчүнчү болуп келип калды.
25 чакырымга чабылган күлүктөрдүн арасында кыргыз күлүгү коло байгеге ээ болду. Ал эми алдыңкы эки орунду тең казак күлүктөрү алып кетти. Тагыраагы, марага биринчи болуп Айкабак аргымагы келсе, экинчи болуп Жумутуяк аргымагы өттү.
Кыргызстандын дагы бир Тайфун аргымагы тең тайлаш атаандаштык көрсөтүп келе жатып, бирок марага аз калганда жарыштан чыгып кетти.
Кыргыздын Каракыз аргымагы Көчмөндөр оюндарында үчүнчү келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.