Мирлан Эшенов жаштар курамасына Ташиевдин уулун чакырды
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов U-20 жаштар курамасынын учурдагы окуу-машыгуу жыйынына дагы эки оюнчуну чакырды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
25-сентябрда Бишкекте старт ала турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярданып жаткан курамага Бекназ Алмазбеков («Лаппи», Косово) жана Эмир-Хан Кыдыршаев («Тренчин», Словакия) кошулушат.
Эске салсак, биздин курама Азия биринчилигинин тандоо оюндарында "I" тайпасында Япония, Мьянма жана Түркмөнстан курамалары менен бирге жайгашкан. Беттештер 25, 27, 29-сентябрь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.