super.kg logo

Жоголгон айдоочулук күбөлүктү кантип калыбына келтирүү керек? 

 

Өлкөдө жарандар жоголгон айдоочулук күбөлүгүн калыбына келтирүү үчүн Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылса болот.

Ал үчүн керектүү документтер:

  • Паспорт (TUNDUK тиркемесиндеги санарип форматта көрсөтсө болот);
  • Ден соолугу тууралуу маалымкат (083/у формасы);
  • Автомектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк;
  • Айдоочунун жеке карточкасы.

Айдоочулук күбөлүктү кайсы убакта алмаштыруу керек жана экзамен тапшыруу керекпи?

Айдоочулук күбөлүктү төмөнкү учурларда алмаштыруу керек:

  • Айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү бүткөндө;
  • Ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө (мисалы, фамилиясы, аты, атасынын аты);
  • Айдоочулук күбөлүк жараксыз абалга келгенде (эскирген, бузулган) жана андагы маалыматты визуалдык түрдө аныктоо мүмкүн эмес болгон учурда.

Мындай учурларда айдоочулук күбөлүктү квалификациялык экзамендерди тапшырбай эле алмаштырса болот.

Айдоочулук күбөлүк TUNDUK тиркемесинде чыкпай жатат. Эмне кылуу керек?

  • Мамлекеттик агенттиктин жакынкы аймактык бөлүмүнө кайрылса же TUNDUK тиркемесинин “Дал келбеген маалыматтар чыгып жатабы” кызматын колдонсо болот;
  • Айдоочулук күбөлүктү санариптештирүү үчүн айдоочулук күбөлүк жана паспорт көрсөтүү керек;
  • Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда автомектепти бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк жана айдоочунун жеке карточкасы талап кылынат;
  • Автомектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк жана жеке карточка жок болсо, аймактык бөлүмдөн айдоочулук күбөлүктүн берилген күнү жана номери көрсөтүлгөн маалымкат алуу керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: