super.kg logo

УКМК Бишкекте Данияр Үсөновдун уулуна тийиштүү кафе-ресторандарды жапкандыгы айтылды

 

Бишкекте карамагына 11 тамактануу жай кирген “Mayram Group” ресторандар тармагы жабылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясы укук коргоо кызматкерлерине шилтеме берип жазды.

Маалыматта УКМКнын тергөө кызматы маркум Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоо фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында иш алып жаткандыгы айтылган. Ошондой эле бул иштин алкагында мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөновго эл аралык издөө жарыяланган.

УКМК жыл башында ал бир нече коомдук тамактануучу жайлардын ээси экендигин айткан. Тергөөнүн маалыматы боюнча "Асман", Social Coffee, Urban, Sushi Room, Red cow, My shisha, Aroma, Social Pizza, Season и "Тесто Место" жана башка мекемелерине түшкөн каражаттын бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топту каржылоого бөлүнүп турган.

Жогоруда аталган айрым тамактануучу жайлар социалдык баракчалары аркылуу кардарларына техникалык себептерден улам убактылуу жабык экендигин эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: