super.kg logo

Казакстанда окуучулар дагы массалык түрдө уулангандыгы айтылды

 

Казакстандын Мангистау облусунда дагы 16 окуучу ууланды. Бул туурасында казак басылмалары облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгына шилтеме берүү аркылуу жазышты.

Маалымдалгандай, 12-сентябрь күнү Бейнеу айылында мектептин окуучулары ичтери ооруп жаткандыгын айтып, райондук тез жардам бөлүмүнө кайрылышкан.

Тийиштүү медициналык кароодон соң окуучулар өз үйлөрүнө кайтышып, бүгүн, 13-сентябрда мектепке келишкен. Ал эми санитардык көзөмөлдөө кызматы тийиштүү экспертизаларды алышкан жана жыйынтыгын күтүп жаткандыгы маалыматта белгиленген.

Белгилей кетсек, өткөн жуманын аягында аталган облустун Бесшокы айылындагы мектепте 460 окуучу тамакка ууланып калгандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: