super.kg logo

Бишкекте жети тургун мыйзамсыз диний уюмдун идеологиясынан баш тартты (видео)

 

Бишкекте диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул туурасында бүгүн, 13-сентябрда УКМКнын маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, атайын кызмат диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга каршы аракеттенүүнүн алкагында Бишкек шаарынын аймагында иш алып барган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 7 активдүү мүчөсүнө түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларын жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган жактар агымдын идеологиясынын зыяндуулугун жана туура эместигин толук моюнга алып, өз ыктыяры менен мүчөлүктөн, идеологиясынан баш тартышты.

Мындан тышкары, кайталанбоосу үчүн аларга УКМКнын атынан расмий эскертүү берилгендиги маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, аталган агымга 2017-жылы Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө сот тарабынан тыюу салынган.






Бишкекте жети тургун мыйзамсыз диний уюмдун идеологиясынан баш тартты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: