super.kg logo

Бишкекте соода борбордогу балдар ойноочу аянтчадан тирүүлөй жылан табылды

 

Бишкектеги соода түйүндөрүнүн бириндеги оюн-зоок аянтында кумдун үстүнөн жылан табылды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Ленин райондук милициясы тастыктады.

Маалымдалгандай, “Ала-Арча” соода түйүнүндөгү кичинекей зоопарктан качып чыккан жылан, оюн-зоок аянтына кирип кеткен. Окуя бүгүн, 13-сентябрда катталып, аны наристесин кумга отургузганы барган киши көрүп калган.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жеринде соода түйүндүн жана зоопарктын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Соода борборунун администрациясы эртең, 14-сентябрдан баштап зоопарктын ишин токтотуу каралып жаткандыгын маалымдаган.

Белгилей кетсек, 12-августта соода түйүндө жайгашкан зоопарктагы жылан 15 жаштагы кыздын колун тиштеп алган окуя катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: