super.kg logo

Ысык-Көлдө фитосанитардык сертификаттарды берүүдө коррупциялык схема аныкталды

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин жооптуу кызматкери пара алган деп шектелүүдө. Бул туурасында кечээ, 13-сентябрда ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Балыкчы шаарында фитосанитардык көзөмөлдүн кызматкерлери ишкерлерден фитосанитардык сертификат үчүн мыйзамсыз акча төлөп берүүнү талап кылышкан. Алар 13 миң, 8 миң жана 10 миң сом суммасында акча каражаттарын алышкан.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ортомчу болгон М.И., П.П. аттуу жарандар акча алып жаткан жеринден кармалган. Алардын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлер, фитосанитардык сертификаттар жана башкалар алынган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алууда ортомчулук кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Бир нече убакыттан кийин Ысык-Көл химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо карантини боюнча департаментинин инспектору К.Р. кармалды. Ал камакка алынган.

Кармоо иш-чаралары бир нече ай мурун жасалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, материалдар сотко жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: