Көчмөндөр оюндары: Ителги салуу жана карчыга куш салуу боюнча курама команда 3 медаль менен кайтты

Маалымдалгандай, 1 алтын, 2 күмүш кыргыз курамасынын капчыгына илинген.
"Бакыт Шамурат уулу ителги салуу боюнча 1-орунду ээлеп, V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын чемпиону болду. Түгөлбай Абдыкадыров ителги салуу боюнча 2-орунду, ал эми карчыга куш салуу боюнча Адилбек Кудайбердиев күмүш медалды жеңди.
Курама команда машыктыруучулары Кубатбек Абдырасулов, Нурлан Молдокунов жана Муратбек Абдылдаевдин жетекчилиги астында мелдешке катышты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кечээ, 13-сентябрда жыйынтыкталып, Кыргызстан курама командасы жалпы 65 медаль алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.