super.kg logo
  Спорт  

Садыр Жапаровдон унаа алган өзбек машыктыруучусу билдирүү жасады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасановго унаа белек кылган соң, ал жалпы кыргызстандыктарга жана өлкө башчысына социалдык баракчасы аркылуу ыраазычылык айтып, билдирүү калтырган.

"Мен Кыргызстандын, өзгөчө президент Садыр Жапаровдун көңүл бурганына ыраазымын. Париждеги Олимп оюндарынан келген медаль кыргыз боксунун ийгилигинин башаты болуп, келечек муунга чоң шык берет деп ишемен", - деп белгилеген өз билдирүүсүндө.

Буга чейин Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучунун видеосу тараган.

Бул видеодон кийин көпчүлүк кыргызстандыктар өзбекстандык машыктыруучуга ыраазычылык билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: