super.kg logo

Социалдык баракчаларда сабалган дагы бир жаш баланын видеосу тарады (видео)

 
Социалдык баракчаларда дагы бир жаш баланын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу видео желдей тарады. Анда бала атасы менен апасы ур-токмокко алган жерлерин көрсөтүп, кайчы менен кескилеген учурларын да баяндап берген.
Бул видео боюнча Ош шаардык милициясы билдирүү таратып, үй-бүлөнүн өздүгү аныкталгандыгын билдиришти.
"Аталган видео боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам текшерүү иштери башталды. Бул үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн өздүктөрү аныкталып, алардын учурдагы жашаган жерин аныктоо боюнча ыкчам иш чаралар жүрүп жатат. Хостелде убактылуу жашап, ал жерден көчүп кетишкендиги аныкталды. Милиция кызматкерлери тарабынан бул маалымат текшерилип, такталгандан соң, коомчулукка кошумча маалымат беребиз. Учурда бул баланы жана жакындарын милиция бөлүмүнө алып келүү боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат", - деп билдирген маалыматта.
Белгилей кетсек, күн мурун Ош облусунун Алай районунда да атасынан зордук-зомбулук көргөн баланын видеосу тараган. Облустук милиция окуяны иликтөөгө алып, атасын кармаган.





Социалдык баракчаларда сабалган дагы бир нарстенин видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: