super.kg logo

Өлкөдө унаанын бажы төлөмүнөн качкан жаран мамлекетке келтирилген зыянды толуктады

 

Чет элден унаасын буздуруп, Кыргызстанга кайра келип кураштырып, бажым төлөмдөн качкан жаран кармалды. Бул туурасында бүгүн, 14-сентябрда ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал Литвадан тетик иретинде буздуруп, алып келген “Хонда Джаз” үлгүсүндөгү унааны, Кыргызстанга келип кураштырып алган. Аны тетик түрүндө бажы тариздөөдөн өткөрүп, унаа түрүндөгү бажы төлөмүнөн качкан. Ал мамлекетке жалпысынан 441 миң сомдон ашык зыян келтирген жана автоунааны үчүнчү адамдарга сатып жиберген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмүндө (Документтердин жасалмасын жасоо) кылмыш иши козголуп, Ноокат районунун тургуну 1986-жылы туулган З.Б. кармалган.

Ал келтирилген чыгымдарды толугу менен мамлекетке кайтарып берген. Учурда ушундай багытта иштер кызуу жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: