Көчмөндөр оюндары: Овари жана мангала боюнча курама команда 7 медаль жеңди
Кыргызстандын овари жана мангала боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 7 медаль тагынышты.
Маалымдалгандай, спортчулар 1 алтын, 3 күмүш, 3 коло медалын жеңип алышты.
Мангала боюнча Анарбек Жамакеев жана Азиза Жамансартова 2-орунду ээлешти. Кубанычбек Ибраимов жана Гүлайым Сагыналиева коло медалга ээ болушту.
Овари боюнча командалык оюнда 1-орунду ээледи. Ал эми Айтурган Максатбек кызы күмүш медалга ээ болсо, Айзада Бактыбекова коло медаль тагынды.
Курама команда машыктыруучулар Камчыбек Касымов жана Улан Бусурманкуловдун жетекчилиги алтында мелдешке катышты.
Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кечээ, 13-сентябрда жыйынтыкталып, Кыргызстан курама командасы жалпы 65 медаль алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















