super.kg logo

Токмокто тыюу салынган эндик өсүмдүгүн ташып бара жаткан чет элдик жаран кармалды

 

Токмок шаарында милиция кызматкерлери тарабынан эндик өсүмдүгү менен бара жаткан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызмат билдирди.

Маалымдалгандай, кечээ, 13-сентябрда Токмок шаарындагы автобекетте чет элдик жарандын башкаруусундагы «Хонда-Степ-вагон» унаасы токтотулган. Анда үч кап эндик уругу табылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси (Сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен кылмыш иши козголду. Унаадан чыккан 3 кап өсүмдүктүн салмагы 82 килограмм 600 граммды түзгөн. Мындан тышкары дагы бир даректен ага тийиштүү 120 килограммдан ашык өсүмдүктү табышкан.

Учурда 1955-жылы туулган Ш.Д. аттуу чет элдик жаран кармалып, иликтөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, эндик өсүмдүгүн Кыргызстандын аймагында чогултууга жана сатууга тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: