Оштогу ишембиликте 976 тонна таштанды чыгарылды








Бүгүн, 14-сентябрда Ош шаарында улуттук тазалык күнүнө карата жалпы ишембилик болуп өттү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, тазалык акциясына шаардагы бардык муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары катышып, шаар аймагындагы өздөрүнө бекитилген аймактарды тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликке жалпы 8 миңге жакын адам катышып, 368 гектар жер аянты тазаланып, 976 тонна таштанды чыгарылгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.