super.kg logo

"Келечек муунду ойлойлу". Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембиликке катышты (видео)

 

Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров администрациянын, иш башкармалыктын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембилик өткөрдү. Бул туурасында мамлекеттик башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ишембиликтин катышуучулары анын аймагын тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Садыр Жапаров кызматкерлери менен баарлашып, ар бир кыргызстандыкты тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды.

«Өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулсак, экономикабызды өнүктүрөбүз десек, өзүбүздөн башташыбыз керек. Бир сааттын ичинде кенедей жерден ушунча таштанды жыйналып жатканда, туристтик жагымдуулук тууралуу кантип сөз кыла алабыз. Тазалык – биздин айланабыздагы дүйнөгө жана өзүбүзгө болгон мамилебиздин көрсөткүчү болуп саналат. Ар бир эс алуучу өзүнөн кийин таштанды тергенди үйрөнүшү керек! Биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек, биз балдарыбызга эмне калтырабыз деп ойлонушубуз кажет”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров балдарды курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга үйрөтүүнүн эң жакшы жолу – чоңдордун жеке үлгүсү экенин белгиледи. Ал ар бир адамдын тазалыкты жана тартипти сактоого кошкон салымын сезе билүүсү маанилүү экенин белгилеп, бул бир гана бийликтин эмес, ар бир жарандын милдети экенин ырастады.






Президент ишембиликке катышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: