Кара-Суу районунда тоноого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Маалымдалгандай, 11-сентябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 1996-жылы туулган М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 10-сентябрь күнү Шарк айыл аймагында көчөдө турган кезде болжол менен 45 жаштар чамасындагы бейтааныш адам ачык түрдө коркутуп, телефонун тартып алганын билдирген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 1978-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал ИИМдин каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.