super.kg logo

Ошто ур-токмокко алынды делген жаш баланын апасы коомчулукка түшүндүрмө берди (видео)

 

Ош шаарында ур-токмокко алынып, денесинде көк ала тактар туурасында айтып берген жаш баланын ата-энеси аныкталды. Бул туурасында Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, видеодогу баланын ата-энеси Ак-Буура милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Апасы коомчулукка билдирүү калтырып, жолдошу экөө баласына кол көтөрбөстүгүн ишендирди. Анда бала өзү шок болгондуктан тарбиялык иретинде гана урушуп коюша тургандыгын айткан.

”Балам аябай шок. Мурдагы убактылуу жашаган жерибизде эки күн катар үйдүн алдындагы машиналарга таш ыргытты эле. Анан ошондо урушуп койгонум чын, бардык эле апалар урушмак. Анан бизге өчөшүп ошол жердеги жашоочулар балама конфет берип, алдап видеону жаздырып алыптыр”,- деди. Ал эми аялдын күйөөсү балага таптакыр кол тийгизбегендигин айтууда.

Мындай көрсөтмөлөр берилгени менен шаардык милиция тергөө кызматы тарабынан аялдын, күйөөсүнүн көрсөтмөлөрү текшериле тургандыгын билдирди.

"Баланын ден соолугун текшерүү үчүн тиешелүү адистер чакырылат. Күбөлөр суралат. Баланын денесине социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт. Тергөө кызматынын чечими менен кошумча тааныштырабыз", - деп белгиленген маалыматта.






Ошто ур-токмокко алынды делген баланын апасы коомчулукка түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: