super.kg logo

УКМК кримтөбөл Женгонун жакын адамын Ошто бизнестерди тартып алгандыгы үчүн кармады

 
Кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды. Бул туурасында бүгүн, 14-сентябрда УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, козголгон кылмыш ишине байланыштуу 11-сентябрында кримтөбөл «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта болгон, 1970-жылы туулган С.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан пахта заводун, ошондой эле Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан трактордук гаражды, май чыгаруучу цехти жана теплицаны мыйзамсыз ээлеп алган. Жабырлануучунун өндүрүштүк объектилерди өзүнүн менчигине кайтарып берүү өтүнүчүнө жооп берип, бир гана пахта заводун кайтарып берген. Ошол эле учурда кримавторитет “Женго” менен кылмыштуу байланыштарды пайдаланып, жабырлануучуну физикалык күч колдонуу менен коркута баштаган.
С.К. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана жылмакай ок атуучу куралдар, бычактар, ИИМдин кызматкеринин өздүк күбөлүгү, ошондой эле аталган өндүрүш объектилерине тиешелүү документтер табылып, алынды.
Кылмыш ишинин алкагында ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.





УКМК Ошто кыймылсыз мүлктөрдү тартып алган кримтөбөл Женгонун жакын адамын кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: