Украина Орусиянын туткунга алган 103 аскерин бошотту
Бүгүн, 14-сентябрда сүйлөшүүлөрдөн соң Украина туткунга алган Орусиянын 103 аскерин кайтарды. Алар Курск облусунда туткунга алынган. Бул туурасында орус басылмалары Коргоо министрлигине шилтеме берип жазды.
Маалыматта алар 103 украин туткунуна алмаштырылгандыгы айтылган.
Учурда алар Беларусиянын аймагында. Куткарылган аскерлердин баарын дарылоо жана калыбына келтирүү иштери Орусиядагы ооруканаларда жүргүзүлөт.
Украина менен Орусиянын туткундарын алмашууда ортомчулук милдетти Бириккен Араб Эмираты алып баргандыгы маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-11-09
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















