super.kg logo

Бишкектин мэриясынын кызматкерлери ишембиликте 7 тоннага жакын таштандыны тазалашты

 
Кечээ, 14-сентябрда калаада жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Биринчи май райондук администрациясынын катышуусунда Пригородное айылындагы Таранчиев атындагы сейил багында ишембилик өткөрүштү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдагандай, адистер биргеликте паркты таштандылардан тазалап, отургучтарды сырдашты. Учурда 7 тонна катуу тиричилик таштандылары чыгарылып, куураган чөп, жалбырак, бак-дарактардын бутактары жыйналып алынды.
"Тазалоо иштерине «Тазалык» муниципалдык ишканасынан 2 техника жана «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 4 техника тартылды. Мындан тышкары, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери тарабынан бекитилген аймактарда ишембилик өткөрүлдү. Иш-чара салттуу түрдө 15-сентябрда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 21-сентябрда да жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: