V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ИИМдин аскер кызматкери алтын утту
Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ИИМдин Ички аскерлеринин 7705 аскер бөлүгүнүн Николай Михайлов атындагы спорттук машыгуу борборунун аскер кызматкери Айболот Аманов "түрк аба" күрөшү боюнча 1-орунду ээледи. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.Алар белгилегендей, мелдештин жүрүшүндө Аманов атаандаштарына эч мүмкүнчүлүк бербестен финалдык баскычка чыккан, финалда түрк балбаны менен кез келишип, атаандашын таза ыкма менен жеңди.
Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кечээ, 13-сентябрда жыйынтыкталып, Кыргызстан курама командасы жалпы 65 медаль алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















