Ош шаарында эки көчө капиталдык оңдоого жабылат (карта)



Ош шаарынын А.Мамыров жана Амир-Тимур (Калинин) көчөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында 16-сентябрдан тарта көчөлөрдүн багыттары унаа каттамы үчүн жабылат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Алар:
- Мамыров көчөсүнүн Д.Садырбаев көчөсүнөн (курулуш материалдарынын базары) Амир-Тимур (Калинин) көчөсүнө чейинки бөлүк;
- Амир-Тимур (Калинин) көчөсүнүн Г.Айтиев көчөсүнөн Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейинки бөлүк.
Мэрия алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну белгилейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.