super.kg logo

ДСУ маймыл чечекке каршы биринчи вакцинаны бекитти

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) "MVA-BN" маймыл чечекке каршы вакцина болорун жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, вакцина өтө муктаж болуп, илдет жайылып кеткен аймактарга жеткиликтүү болот. Ошондой эле тез таралышын азайтат жана эпидемияны токтотууга жардам берет деп күтүлүүдө.

ДСУнун алдын ала квалификациялык баалоосу өндүрүүчү Bavarian Nordic A/S берген маалыматына жана вакцина үчүн жооптуу жөнгө салуучу орган болгон Европалык Дары-дармек агенттигинин көрсөтмөсүнө негизделген.

"MVA-BN" вакцинасын 18 жаштан жогорку жарандарга 4 жума аралыгында 2 доза сайса болот. Аны муздаткычта 2-8 градус температурада 8 жумага чейин сактоо каралгандыгы айтылат.

Айта кетсек, август айынын ортосунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башчысы Тедрос Гебрейесус маймыл чечек эпидемиясы жайылуусуна байланыштуу кайрадан глобалдык өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Ал эми Кыргызстанда кырдаал туруктуу экендиги айтылган. Дарыгерлер маймыл чечек кандай илдет экендигин айтып, дарылоо жолдору боюнча кеңеш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: