Түркияда кесме заводу жарылып, жабыркагандар бар экендиги айтылды (видео)
Түркиянын Сакарья шаарынын аймагында жайгашкан кесме заводунда жарылуу болуп, ири өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай жеринде тийиштүү кызматтар иш алып барууда. Бир нече тез жардам жана өрт унаалары жерине жиберилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 20 адам жабыр тарткан. Алар жакынкы ооруканаларга жеткирилген.
Учурда жарылуунун себептери изилденип жатат. Өрт кызматы тилсиз жоо менен күрөшүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
Түркиядагы өндүрүш ишканасындагы жарылуу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.